Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта  жер титирөө катталды

25-марттын кечинде Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Силкинүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 балл, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

09:42, 26-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар