Бишкекте 1-марттан тарта үч автобус каттамы жарым-жартылай өзгөрөт
Бишкекте 1-марттан тарта үч автобус каттамы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, “Сарбан айылы – Ак-Бата конушу” багыты боюнча каттаган №23 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрөт. Эми ал Ак-Батанын ордуна Алтын-Казык конушуна чейин барат. Аны менен бирге №23 Курманалиев көчөсү менен эмес Кыргызстан көчөсү менен жүрүп, “Сарбан айылы – Алтын-Казык” конушу багыты боюнча каттайт.
Ошондой эле “Алтын-Казык конушу – Поле Чудес конушу” багыты боюнча каттап келген №17 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрөт: «Алтын-Казыктын» ордуна автобус “Красный Строитель” конушуна чейин барат.
Жүргүнчүлөр №17 жана №17Т автобус каттамдарын алмаштырып алып жаткандыктан №17Т каттамы №77 деп өзгөртүлөт. Мурда №17Т автобус “Булгаары” заводу – 12-кичирайон” багыты боюнча каттап келсе, эми автобус Курманалиев көчөсү менен Ак-Бата конушуна чейин бара турган болот. №77 автобус “Ак-Бата конушу – “Булгаары” заводу – 12-кичирайону” каттамы менен жүрө баштайт.