Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы 21ден 60 жашка чейинки айдоочуларды жумушка чакырат.
В жана С категориясына ээ айдоочулар үчүн D категориясына акысыз окутуу жана практика каралган.
 
"Курсту аяктагандан кийин расмий жумушка орнотууга жана татыктуу эмгек акы берүүгө кепилдик беребиз", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочулардын айлыгы 50 миң сомду түзөт.
Бардык суроолор боюнча 0312 531768, 0550 553444 же 0555 525 452 (Whatsapp) номерлерине кайрылууга болот.
06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар