Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу спорт залда асынган жеринен табылды
Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу спорт залда асынган жеринен табылды.
Каргаша 5-февралда Барскоон айылында болгон. Турникке асылып турган окуучу кызды дене тарбия мугалими таап алган. Кыз жергиликтүү оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган, кийин Бишкектеги ооруканалардын бирине которулган.
Дарыгерлердин аракетине карабай мектеп окуучусу 14-февралда каза болгон. Милиция “өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду