Турак жайларды газдаштыруу. Жеңилдетилген каржылоону жөнөкөйлөтүү талкууланды
Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин жетекчилиги астында негизги иш багыттары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, отурумда атмосфералык абаны коргоону күчөтүү максатында чийки көмүрдү сатууну мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чектөө чараларын көрүү, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын газдаштырууну каржылоо жол-жобосун жеңилдетүү, ошондой эле унаалардын католизаторлорун сатып алуу жана сатуу менен алектенген унаа оңдоочу жайларга жана адамдарга карата чара колдонуу маселелери каралды.
Министр Машиев белгилүү бир жетишкендиктерге жана жыйынтыктарга жетишүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле келерки жылытуу мезгилине даярдык иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жогорудагы маселелерди тез арада чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти.