Бишкекте баңги заттарын таратууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте баңги заттарын таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук Ички Иштер Башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, “Чөнтөк уурулугуна жол жок рейди учурунда милиция кызматкерлери Фрунзе көчөсүндө шектүү жүрүм-турумдагы жаш жигитти байкашкан. Бул боюнча алдын ала тергөө иштери башталып, анын алкагында укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөн. Натыйжада, шектүүнүн сумкасынан 19 түйүнчөк баңги заты жана бычак табылган.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси Баңги заттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу менен кылмыш иши козголуп, 2003-жылы туулган К.К. кармалды. Ал убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Экспертиза бул баңги заты 130,34 грамм салмактагы синтетикалык MDMB-4en-PINACA экенин аныктады. Учурда тергөө амалдары уланууда.

10:17, 05-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар