Төө-Ашууда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүүдө
Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашууда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 24-январда саат 12:00го жакын ашууда Коргоо министрлигинин артилериялык куралы менен 8600 куб метр кар көчкү түшүрүлгөн. Түшкөн кар жолго жеткен эмес.