Токторбаевдин ордуна Пархат Түлөндүбаев депутат болду
Президент тарабынан Ош шаарынын мэри болуп дайындалган Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мандатынан ажыратылды.
Аталган маселе бүгүн, 23-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралып, комиссия мүчөлөрү Токторбаевдин мандатын алуу тууралуу чечимди колдоду. Мындай чечим анын мэр кызматына дайындалганына байланыштуу кабыл алынды.
Ошондой эле БШК бош калган мандатты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында депутаттыкка талапкерлердин кезегинде турган Пархат Түлөндүбаевге берилди
Эскерте кетсек, Пархат Түлөндүбаев 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен, “2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынын катарынан Жогорку Кенештин депутаты болгон.