УКМК: Чолпон-Атадагы «Жетиген» базарынын ээси кармалды
Чолпон-Ата шаарындагы "Жетиген" базарынын — "Курорторг Жетиген" ААКнын акционери жана ошол эле учурда директору Б.Л.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Курортторг Жетиген" ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып келген, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай долбоорлорду каржылоо шылтоосу менен ишкерлерден мыйзамсыз түрдө акча чогултушкан.
Кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык аракеттери менен) каралган кылмышка шектелүүдө.
Учурда тергөө уланууда.