Түркияда кыргызстандык аялды жолдошу катуу сабап салган

Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык аялды жолдошу катуу сабап салган. Жабырлануучунун сүрөттөрүн соцтармакка коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жарыялады.

Анын айтымында, күйөөсү аялына бычак менен кол салып, баласын алып койгон. Жабырлануучунун бир тууганы да окуя боюнча соцтармак аркылуу маалымат берди.

"Менин сиңдим Кыргызстандын жараны, кол салган эркек Түркиянын жараны. Ошол күнү сиңдим видеобайланыш аркылуу апасы менен сүйлөшүп жумушунан үйүнө келе жаткан. Батиринин эшигин ачары менен колуна бычак кармап турган күйөөсүн көргөн. Экөө мушташа кетип, күйөөсү бычак шилтөөгө үлгүргөн. Сиңдим коргонуп жатып бычагын жулуп алган. Бирок күйөөсү буга да токтобой тепкилеп кирген. Ызы-чуудан улам кошуналары чыгып Тез жардам кызматын чакырышкан", — деди жабырлануучунун бир тууганы.

Анын айтымында, мындай нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок. Күйөөсү буга чейин деле ур-токмокко алып аялын коркутуп келген. Сиңдиси баласынан улам өлкөдөн чыгып кете албай жатканын кошумчалады.

Ал эми ТИМ Түркиянын укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, баланы апасына өткөрүп беришкенин кабарлады. Ага чейин бөбөк жолдошунун ата-энесинде болчу. Полиция шектүүнү кармап, учурда кылмыш козгоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Министрлик ишти көзөмөлдөп турарын, Антальядагы Башкы консулдуктун кызматкерлери адвокаттар менен байланышып жабырлануучуга юридикалык кеңештерди берип жатканын белгиледи.

13:20, 23-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар