Бишкекте чет элдик жаран окуучу кызды өлтүрө сүзүп, качып кетти
Жал кичирайонунда унаа сүзүп, 15 жаштагы кыз каза болду.
Кечээ Жал кичи районунда 15 жаштагы кызды жөө адамдар өтүүчү жерден сүзүп кетти. Кыз эсине келбей, ооруканада көз жумган.
Кылмышкер 20 жаштагы чет элдик жаран окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.