Сокулукта автоматтар менен пулемёттор үчүн ок-дарыларды ташып бараткан унаа кармалды
Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген адамдар кармалды деп, Чүй облусунун ИИБ басма сөз кызматы 14-январда билдирди.
2024-жылдын 12-декабрында Сокулук райондук ИИБге ок-дарыларды ташуу менен алектенген курал саткандар тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси “Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” боюнча катталган.
Ошентип, милиция кызматкерлери 11-январда Сокулук айылында “Самсунг” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны тинтүү учурунда 86 даана ок табылган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бул ок-дарылар “АКМ-74”, “АКМС-74У” жана “РПК-74” үлгүсүндөгү куралдар үчүн колдонулары аныкталган.
Натыйжада, буга чейин соттолгон 1994-жылы туулган А.Ч., Б.Э. жана Т.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.