Кытай компаниясы Бишкекте монорельстерди куруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат

Кытайлык компания Бишкекте монорельстерди куруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу КРнын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан CRRC Changchun Railway Vehicles кытайлык компаниясынын өкүлдөрү, Бишкек Мэриясы жана «Кыргыз Темир Жолу» «УК» МИнин үч тараптуу жолугушуусунда айтылды.

Министрликтен билдиришкендей, шаар бийлиги кытай тарапка изилдөө үчүн монорельстик жолдордун курулушунун эскиздерин тартуулайт. Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылышы мүмкүн экени баса белгиленип, бул чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Өз кезегинде «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасы гибрид электр поезддерине кызыкдар экендигин билдирип, алар атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын бир кыйла азайтууга жана Кыргызстандагы темир жол транспортунун экологиялуулугун жогорулатууга көмөктөшөрү айтылды.

"Бишкекте монорельстүү жолдордун курулушу ыңгайлуу, заманбап транспорт каражаты менен камсыздайт, борбордун транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле учурдагы жүктөмдү азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартат жана калктын мобилдүүлүгүн жогорулатат",-деп айтылат маалыматта.

 

12:45, 20-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар