Евразия. Кыргызстан” коомдук фонду журналисттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. (Сүрөт)

Евразия. Кыргызстан” коомдук фонду журналисттер үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү

 Евразия. Кыргызстанкоомдук фонду журналисттер үчүн ачык эшиктер күнүн уюштурду. Иш-чара Бишкек шаарындагы Евразия. Кыргызстан фондунун жаңы кеңсесинде өттү.

Биз медиа менен кызматташуунун маанисин жогору баалайбыз жана ачыктык менен айкындуулук ийгиликтүү өнөктөштүктүн негизги факторлору деп эсептейбиз, – деп белгиледи Евразия. Кыргызстан фондунун директору Кымбат Урумкулова куттуктоо сөзүндө.

Ал Евразия автономдук коммерциялык эмес уюмунун билим берүү программалары, эл аралык алмашуулар жана ири мамлекеттик, жеке компаниялардагы стажировкалар тууралуу кеңири айтып берди.

“Евразия” АНОнун негизги миссиясы — постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстерди бекемдөө менен элдердин улуттук өзгөчөлүгүн сактоо. Айрыкча, жаштарды ар түрдүү долбоорлорго тартууга басым жасалат. Бул долбоорлор региондун өнүгүшүнө жана жаш муундун ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жардам берет. Жакында эле “Евразия” АНОсу жаштар арасында кеңири кызыгууну жараткан “Евразияны тааны. Кыргызстан” программасын баштады. Бул программага Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Өзбекстандын жаштары катышууда. Программага биздин сонун борбор шаарыбыздын көрктүү жайлары менен таанышуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейине баруу, ошондой эле ар кандай өнүктүрүүчү мастер-класстар кирет, – деп айтып берди Кымбат Урумкулова.

Ал белгилегендей, бул долбоордун негизги максаты – Евразия өлкөлөрүнүн жаштарын маданият жана тарых, салттар жана каада-салттар, жоопкерчилик жана эмгекчилдик, улуттук өзгөчөлүк жана патриоттуулук сыяктуу салттуу руханий баалуулуктардын негизинде бириктирүү. Бул активдүү жана жоопкерчиликтүү муунду калыптандыруу жолунда маанилүү кадам болуп саналат.

Эске сала кетсек, сентябрдын башында Евразия АНОсу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети кызматташуу боюнча келишимге кол коюп, анын алкагында Кыргыз Республикасы салттуу баалуулуктар платформасына кошулган.

Евразия АНОсу — бул улуттар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашырган автономдук коммерциялык эмес уюм. Уюмдун негизги максаттарынын бири — окуучулар, студенттер жана жаш адистер үчүн билим берүү жана кесиптик демилгелерди колдоо. Уюм ишке ашырган долбоорлордун катарында билим берүү программалары, эл аралык алмашуулар, алдыңкы мамлекеттик жана жеке компаниялардагы стажировкалар, ошондой эле медиа мектеби бар.

 

10:16, 13-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар