Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Исаевдин бөгөт чарасы 2-декабрда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча 2025-жылдын 27-январына чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, 22-ноябрда Канат Исаев кармалганы белгилүү болгон. Соттун чечими менен ал 4-декабрга чейин камакка алынган. Исаевге уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо беренеси боюнча айып тагылууда.

14:58, 03-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар