Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн, 2-декабрда, Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын Президенти жана Глобалдык өсүү институтунун Төрагасы, БУУнун мурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.