Садыр Жапаров бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат

Президент Садыр Жапаров бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, бир күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат.

Анын жүрүшүндө Ош облусунда толугу менен жаңы түптөлгөн Жаңы Барак айылын жана бир катар социалдык обьектилерди ачып, Жалал-Абад облусунун Казарман айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушат.

10:24, 15-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар