Камчыбек Ташиев Талас — Тараз жолун эки жылда оңдоп бүтүрүүнү тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Талас — Тараз жолун эки жылда оңдоп бүтүрүүнү тапшырды. Бул туурасында комитет төрагасы аталган облуска барганда айтты.

"Суусамыр — Талас — Тараз жолун реконструкциялоо долбоору бар. Суусамырдан Таласка чейинки жол 10 жылдан ашык оңдолду. Жылда аз-аздан жасап коет, ал кайра бузулуп кетет, ошентип отуруп Таласка араң жеттик. Эми эки жылда, 2025-2026-жылдарда Талас — Тараз жолун бүтүрүшүбүз керек. Бул маселени көзөмөлүмө алдым, азыр Транспорт министрлиги менен иштеп жатабыз, жакында жумуш башталат", — деген ал.

Ташиев Суусамыр — Талас жолунун курулушундай кылып ишти узартып жибербөөнү айткан. УКМК жетекчиси эми Таласка көбүрөөк көңүл буруларын кошумчалады.

11:46, 13-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар