“Зордуктоо” иши боюнча издөөдө жүргөн кримтөбөл «Казак» Египеттен кармалып келди
“Зордуктоо” иши боюнча эл аралык издөөдө жүргөн "Казак" каймана аты бар Умар Маратов Египеттен кармалып келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Умар Маратов “Женго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат.
Министрликтин маалыматы боюнча, Умар Маратов жана анын шериктери 2023-жылы июнда Ош облусунда 25 жаштагы кызды алдоо жолу менен унаага отургузуп, шаардагы мейманканалардын бирине алып барган. Номерлердин бирине киргенден кийин күч колдонуп, кызды зордукташкан. Кылмыштын оордуганы карабай сот Маратовду үй камагына чыгарган. Кийин ал изин жашырып кетип, издөөгө алынган.
Былтыр Ош облустук милициясы билдиргендей, бул иш боюнча милицияга Умар Маратовдон тышкары дагы эки адамдын үстүнөн арыз түшкөн.
дооматы жок экенин билдирген. Ага байланыштуу иш өндүрүштөн кыскартылган.