Депутат Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.

Бул тууралуу БШКдан ырасташты. Азырынча анын мандатын тапшыруусунун себеби айтыла элек.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сотко бергенин жарыялаган. Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анын мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган. Жыйынтыгында министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген.

44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Анын ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган.

20:52, 22-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар