Садыр Жапаров карыяларды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Өлкө башчы кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, кан-жаны менен бүгүнкүгө чейин жеткенин белгиледи.

"Карынын кебин капка сал", "карынын сөзү - жамак, жамагы - жашоого сабак", "карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот", "ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя" деген макалдарыбыз буга таасын күбө. Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда", — деди ал.

Президент 1-октябрдан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6 900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонун эске салды.

"1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга жогорулап, эң аз дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6 900 сомду түзөт", — деди Жапаров.

Жапаров өлкө карыяларына чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.

11:57, 01-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар