Бишкекте мурдагы аялын сабоого шектелген киши кармалды
Бишкекте мурдагы аялын сабоого шектелген киши кармады.
Социалдык тармактарда аялды унаага күчтөп салууга аракет кылып жаткан видеосу тараган. Анда шектүү аялды чачтан сүйрөп, жулмалаганын көрүүгө болот.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы шектүү 34 жаштагы тургун экенин, видеодогу аял анын мурдагы жубай экенин кабарлашты.
Милиция аялды алып жаткан жеринен кабар алуу 21-сентябрь саат 15:30 чамасы келип түшкөн.
Шектүү кармалып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.