Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына кетти.Юул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, саммит 2-3-ноябрда өтүп, анда өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашмакчы. Ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат.
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Дастан Дюшекеев — Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
Талгат Аширбеков — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.