Ноокен: жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти

11-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен району аркылуу өткөн Бишкек - Ош автожолунун 487-чакырымында болгон автокырсыктан алты адам мүрт кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Аман Жолборсалиев билдирди.

Маалыматка караганда, SsangYong Korando үлгүсүндөгү автоунааны Бишкектен Ош тарапка айдап бараткан 41 жаштагы айдоочу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Renault Premium машинесин сүзгөн.

SsangYong Korando автоунаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден каза тапкан. Бир адам Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жан берген.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

12:46, 12-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар