Чолпон-Ата: түнкү клубда тинтүү болуп, баңгизаты табылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 4-августта баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда тинтүү жүргүздү.
Анда төрт даана гашиш маңзаты табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.
Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлдү.
Учурда УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан облустун аймагындагы оюн-зоок жайларында эс алып жаткан жаштар арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.