Тажикстанда жетим калган 3 кыргыз бала Кыргызстанга өткөрүлдү
Тажикстанда киши колдуу болгон этникалык кыргыз Абдуфаттох Ибрагимовдун 3 баласы Кыргызстандагы туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, балдар учурда Баткен облусундагы атасынын туугандарынын камкордугунда.
Эскерте кетсек, Абдуфаттох Ибрагимов, аялы Курбангүл жана эжеси Зулхо үчөө 29-майда киши колдуу болушкан. Алардын 8, 4 жана бир жаштагы балдары томолой жетим калды.
Баткен облусунун Лейлек районунда жашаган туугандары балдарды өз камкордугуна алуу өтүнүчү менен кайрылып, бир жарым айдан ашык убакыттан кийин гана аларды ала алышты.