Садыр Жапаров Казакстанга кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстанга кетти.
4-июлда өтө турган жыйында ШКУ өлкөлөрүнүн башчыдары кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык, эл аралык саясатты талкуулашат.
Мындан тышкары, президент Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев, Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов бар.