Мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат

Бүгүн, 28-июнда Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат.

Быйыл 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери «Түндүк» сервисинин базасында сакталат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Санариптик билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси негиздеген «Күбөлүк» платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым мектептерде аттестатты сатып жатышканын парламент жыйынында айтып чыккан. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мындайга жол берилбей турганын билдирген.

 

09:04, 28-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар