«Евразиялык Сактык Банкы» интернет-банкинг кызматын колдонуунун 2 вариантын сунуштайт
Интернет-банкинг системасы – бул, суткасына 24 саат, жумасына 7 күн реалдуу убакыт режиминде Интернет аркылуу эсептерди башкарууга мүмкүндүк берүүчү алыстан банкинг жүргүзүүнүн коопсуз жана ыңгайлуу ыкмасы. Биз сизге Интернет-банкинг кызматын колдонуунун 2 вариантын сунуштайбыз: көрүү режими жана толук режими.
Көрүү режими кардарларга төмөнкү операцияларды аткарууга мүмкүндүк берет:
Толук режим кардарларга эсептерди алыстан башкарууга жана төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет:
Коопсуздукту камсыздоо үчүн системага кирүү үчүн логин, пароль жана эки факторлуу аутентификация колдонулат, бул системага уруксатсыз кирүү коркунучун азайтат. Логин жана паролду көрсөткөндөн кийин, сиз бир жолку кирүү кодун киргизишиңиз керек, ал кардардын мобилдик номерине же Интернет-банкингди колдонуу үчүн арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине акысыз жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары саякаттоодо кирүү кодун алуу үчүн роумингге кошулуу керек же кардардын электрондук почта дарегин көрсөтүшүңүз керек.
Көңүл буруңуз: Интернет-банкинг кызматын коопсуз пайдалануу үчүн биз жеке маалыматтарды (логин, пароль, кирүү коду) үчүнчү жактарга өткөрүп бербөөнү жана колдонуучунун маалыматына суроо-талапты камтыган каттарга жооп бербөөнү сунуштайбыз. Банк эч качан кардарлардан бул маалыматты талап кылбайт.