Ысык-Көлдө «Каркыра» экокомлексинин курулушу башталды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жыл бою иштей турган «Каркыра» ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушунун биринчи этабы башталганын кабарлады.

Долбоор алты этап менен ишке ашат, учурда курулуш аянтын жабдуу, анын ичинде техникалык жолдорду жана электр линияларын түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка караганда, экокомплекс Ысык-Көл облусундагы мындай типтеги биринчи ири эс алуу борбору болот. Долбоордун алкагында массалык спорттун ар кандай түрлөрүн, кышкы жана жайкы эс алууну, машыгуу процесстерин жана мелдештерди өткөрүү үчүн, анын ичинде Эл аралык лыжа федерациясынын (FIS) колдоосу астында объект жана курулмалардын заманбап инфраструктурасын түзүү каралган.

Инвестициялык долбоорду «Экогород Каркыра» ЖЧКсы ишке ашырууда. Долбоордун наркы 191 млн доллардан ашык.

12:06, 13-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар