Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнө оор операция ийгиликтүү жасалды
Жалал-Абадда Ноокен районунун 34 жаштагы тургунунун жүрөгүнө оор операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Натыйжада бейтаптын жүрөгүнүн карынчасынын көңдөйүндө өлчөмү 6,5х10 см болгон шишик (миксома в полости правого желудочка) ийгиликтүү алынды. Аталган бейтаптын жүрөгүнүн оң карынчасынын дээрлик баарын шишик ээлеп калган.
Операция Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда Кыргызстан медицина кызматкерлеринин ассоциациясынын президенти, КР эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор жана өлкөнүн башкы кардиохирургу Калдарбек Абдраманов тарабынан жасалды.
Кардиохирург бул операция анын кырк жылдык эмгек тажрыйбасында жана дүйнөлүк практикада сейрек кездешээрин белгиледи. Аталган бейтаптын азыркы абалы жакшы жана ооруканадан чыгарууга даярдалып жатканын айтты.
Калдарбек Абдраманов жүрөк ооруларынан жабыркаган түштүк аймагында 12 миңдей улгайган адам жана 4 миңге жакын балдар бар экенин айтып, 75 орундуу аталган илимий борбордо жылына 400гө жакын операция жасалаарын кошумчалады.