"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын башкы инженерин жана битум жеткирүүчү компаниянын директору кармалды
"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын башкы инженерин жана битум жеткирүүчү компаниянын директору кармалды
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка караганда "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери битум менен камсыз кылуучу компания менен сүйлөшүп алып, көрсөтүлгөн материалды жогорулатылган баада сатып алышкан. Натыйжада Мамлекеттик бюджетке 12 миллион сом зыян келтирилген.