Орусияда абакта жаткан 494 жаран жазасын Кыргызстанда өтөөдөн баш тартты
Орусияда абакта жаткан 494 жаран жазасын Кыргызстанда өтөөдөн баш тартты. Бул тууралуу Башкы Прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына ылайык, азыркы учурда Кыргызстандын 1452 жараны чет өлкөлөрдүн, анын ичинде 1167 жараныбыз Россия Федерациясынын 79 субъектисинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу максатында чет өлкөлөрдүн аймагында соттолгон 79 жараныбыз (Казакстан 5, Россия Федерациясынан 74) өткөрүлүп алынды, 42 жараныбызды алып келүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө, 326 жаран боюнча Россия Федерациясынын Юстиция министрлигине тиешелүү суроо-талаптар жиберилди, 494 жараныбыз жазасын Кыргызстанда өтөөдөн баш тартты.
2023-жылы өлкө аймагында кармалган Россия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринин 66 жараны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилди.
Издөөдө жүргөн 76 жараныбыз Россия, Казакстан, Өзбекстан, Испания, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, алынып келинди”, - деди Зулушев.