Үч округда шайлоодо талапкер болуу үчүн 42 киши арыз берди

28-мартта Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Ош округунан 18 (эки аял), Кара-Суу менен Баткен округдарынан 12ден (баары эркек) киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.

Эми алар 31-мартка чейин шайлоо күрөсүн төлөгөнү тууралуу ырастаманы, жогорку билимин тастыкаган дипломун, иштеген же окуган жеринен маалымкат, талапкер болууну каалаган адам өзү тууралуу маалыматты Боршайкомго бериши керек.

БШК алардын документин 8-апрелге чейин текшерип чыгып талапкер кылып каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат. Андан кийин шайлоонун үгүт өнөктүгү башталып, ал 27-апрелге чейин уланат. Үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын өзүнүн арызынын негизинде алган. Боршайком 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыз боюнча депутаттык мандатынан ажыраткан. 

10:19, 29-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар