Таиланддын курорттук аралында коркунучтуу вирустан улам, саякаттоого баргандар артка кайта албай жатышат

 

Таиланддын курорттук аралында коркунучтуу вирустан улам, саякаттоого баргандар артка кайта албай жатышат

Инди океанындагы Таиланд мамлекетине караган Пхукет аралында таң каларлык вирус пайда болду. Бул маалымат Shot Телеграм-каналына жарыяланды.

Вирус жугузган туристтердин дене табы 39 градуска чыгып, көк жөтөлгө кабылып, бир нече жумадан бери оор акыбалда жатканы, дарыгерлер илдетке так диагноз албай жатышканы айтылды.

“Жергиликтүү дарыгерлер жазып берген какырыкты чыгаруучу жана вируска каршы дарылар да жардам бербей жатат”, — дешкен бейтаптар.

Саякатка келгендер эс алуу убактысы аяктаганына карабай, өлкөлөрүнө кайтып кете албай жатышат. Арасында үй-бүлөсү менен кошо ооруп калгандар да бар экени маалымдалды.

Region TV
16:22, 21-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар