Tik Tok социалдык тармакта түз эфирде баласын уруп-сабаган аялдын окуясы. Милиция ишти териштирүүдө

19-февралда Tik Tok социалдык тармагында кыргызстандык аял түз эфирге чыгып, азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын жеке эсебине акча салбаса, колундагы наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Келин баласын жаакка чапканын, түз эфирге кошулгандар андан баланы урбоону жана сыра ичирбөөнү суранып жатканын көрүүгө болот.

Бул окуяны милиция  толук каттоого алды. Азыр аныктоо, териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилээри айтылды.

14:21, 20-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар