Чолпон-Атада К. Көлбаевге байланыштуу үч обьект мамлекетке кайтарылды

Чолпон-Атада К. Көлбаевге байланыштуу үч обьект мамлекетке кайтарылды

Ысык -Көлдөгү «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу аныкталып, бирок ошол эле учурда – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борборундагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү, тактап айтканда, үч кабаттуу коммерциялык жайды, «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстерин кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганын аныкталды.

Аталган К.К.А. буга чейин, маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, К.К.А. жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.

10:15, 24-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар