Коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы рейд жүрүүдө

Бишкектеги коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы рейд жүрүп жатат. Мэриянын маалыматында ага акимчиликтер,  райондук ички иштер бөлүмдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тартылган.

Текшерүүдө 14 протокол түзүлүп, 182 миң сом айып салынды.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет башкача айтканда тамеки чеккен жаранга айып салынат.

09:04, 20-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар