Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат. Каражат кайда жумшалат? 

Кыргызстан Кореянын Экспорттук-импорттук банкынан 27 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган акча Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртууга жумшалат.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, алынып жаткан 27 млн доллар насыя 40 жылда кайтарылышы керек. Анын ичинен 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Жылдык пайыздык чени 0,1% жана тейлөө акысы ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1%ды түзөт.

15:59, 12-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар