Түркмөнстанда мурдагы президенттин ырлары тойлордо жаңырып турушу керек
Түркмөнстандын батышында бийлик жергиликтүү тургундарды үйлөнүү үлпөтүндө мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ырларын коюуга жана плейлисттерден чет элдик музыканы алып таштоого мажбурлоодо.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, бул тууралуу азырынча расмий буйрук жок, буйруктар ЗАГС аркылуу оозеки берилүүдө.
“ЗАГСта болочок жубайларга үйлөнүү үлпөтү түркмөн музыкасы менен коштолуп, үйлөнүү үлпөтү түркмөн стилинде өтүшү керектиги эскертилет”, — деп айтылат маалыматта..
Ресторандардын жана банкеттик залдардын ээлерине жана кызматкерлерине да акыркы жумаларда жаңы эрежелер тууралуу маалымат берилүүдө.
“Тойлор өтүүчү ресторандардын ээлери ырлардын кеминде 80% түркмөн тилинде болушуна көз салышы керек”, — деди ресторандардын биринин кызматкери.