Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө  коюлган чектөө алынды

"Арал" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга саат 8:00 баштап чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Учурда Бишкек-Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык.

Эскерте кетсек, кечээ «Сосновка» жана "Арал" постунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө аба-ырайына байланыштуу чектөө киргизилген.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочулар "112" бирдиктүү номери аркылуу жолдогу акыркы кырдаал тууралуу маалымат алып, андан соң узак жолго чыгууну сунуштайт.

12:16, 10-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар