Биринчи май РИИБи бейбаштык кылууга шектелген адамды  кармады

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы 2-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Э.Э. аттуу жаран белгисиз жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Себеби ошол эле күнү кечки саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын Январь көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан, бейтааныш жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, денесине залал келтирген. Андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факт Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1987-жылы туулган С.А. аттуу шектүү аныкталган, кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды

10:07, 06-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар