Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди
Бишкек Жылуулук электр борборунда дагы эки отказан ишке киргизилди. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 21:55де ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө абанын температурасы 30 градустан 65 градуска чейин кармалууда.
“Бардык соргучтар күйгүзүлүп, жылуулукту туташтыруу улантылууда. Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.