МинКаб төрагасы мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчаларга видео камера орнотууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйында өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке менчик балдар бакчаларына видеокөзөмөл системаларын орнотууну тапшырды.

Кабминдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коопсуздук чараларын күчөтүү жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында кабыл алынган.

Видеокөзөмөлдү киргизүү ата-энелер менен тарбиячылардын ортосунда ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле балдар бакчаларында тартипти жана дисциплинаны камсыздоого багытталган. Бул демилгени ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин активдүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат, - деп кошумчалашты Кабминден.

11:44, 17-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар