Көлбаевдин тобу алып койгон жер мамлекетке өттү

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Көлбаев уюштурган кылмыштуу топтун мыйзамсыз кирешелерин аныктоо чаралары жүрүп жаткан иштин алкагында «Каракол» лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймактан баасы болжолдо 10 млн сомдук 2 гектар жер тилкеси табылган.
«Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек», — деп айтылат маалыматта.
Учурда Көлбаевге жана анын тобуна таандык мүлктү издөө, мамлекетке кайтаруу иштери улантылып жатканы айтылган билдирүүдө.

Алдаба
10:12, 01-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар