Кулак-мурду кесилген Асель Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү сотто шымын булгап алды
Кулак-мурду кесилген Асель Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү сотто шымына сийип, өзүн психикалык жактан жабыркаган адам катары көрсөткүсү келип жатат
Кечээ сотто ал дагы бир жолу судьяны психикалык жактан жабыркаганына ишендирүүгө аракет кылды. Бул жазадан качуунун эски ыкмасы деп Асель Ногойбаеванын эжеси билдирди.
"Ал баары ынансын деп шымына сийип койду. Ал сотту манипуляция кылып жатат. Бул абдан эски фокус, зордукчулар жазадан качуу үчүн психикалык жактан оорулуу болуп көрүнгөнү аракет кылышат. Анткени оорулуу десе түрмөгө эмес дарыланууга жөнөтүлөт. Маньяк Андрей Чикатило да ушул ыкмаларды колдонгон”, — дейт Диана Элкен.