КР ӨКМ: Кыргызстанда кайрадан жер титирөө кайталанат деген маалымат жалган

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь, саат 00:09да Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө

ӨКМ социалдык тармактарда жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

09:48, 23-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар