Google орусиялык YouTube блоггерлери үчүн акча табуу мүмкүнчүлүгүн өчүрдү
Google орусиялык YouTube блоггерлери үчүн акча табуу мүмкүнчүлүгүн өчүрдү
Эң ири Google AdSense жарнама тармагы Орусияда ишин токтотту. Бул тууралуу CNews Google компаниясынын расмий катына таянуу менен билдирет.
Катта өлкөсү Россияга коюлган болгон бардык аккаунттар өчүрүлөт деп айтылат. Бул, мындай акаунттар аркылуу киреше монетизация кыла албайсыз дегенди билдирет.
CNews белгилегендей, AdSenseтин Орусиядан кетиши YouTube блоггерлерине гана таасирин тийгизбейт. Басылма AdSense тармагынан жарнама жайгаштырылган россиялык сайттардын бардык ээлери да кирешесинен ажырай турганын белгилейт.
2022-жылдын жазында, YouTube командасы орус колдонуучулары үчүн акча табуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен өчүрүп салган, AdSense Орусиядан келген блоггерлерге контексттик жарнамадан акча табууга мүмкүнчүлүк берген.