Кытайда жер көчкү 40тан ашык кишини басып калды

Кытайдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Юньнань провинциясында жер көчүп, кырктан ашык адам топурак алдында калганын РИА Новости жазды.
 
Жаратылыш кырсыгы таңда саат 5:51де Чжаотун аймагынын Чжэньсюн уездинде болуп, андан бир нече айыл зыян тарткан.

"Алдын ала берилген маалыматка таянсак, 18 кожолуктан 44 адамды жер жасып калган", — деп билдирген аталган өлкөнүн борбордук телеканалы.

Издөө, куткаруу иштерине 200дөн ашык адистер тартылганы, 200дүн тегерегиндеги адам эвакуацияланганы айтылды.
13:49, 22-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар