Бишкек шаарынын коомдук транспортторунда кыргыз тилинде мультфильмдер көрсөтүлө баштайт
Бишкек шаарынын коомдук транспортторунда кыргыз тилинде өзүбүздүн өндүрүштөн, тактап айтканда кыргыз аниматорлору тарабынан даярдалган мультфильмдер көрсөтүлө баштайт.
Алар — “Баластан” телеканалынын буюртмасы менен Кыргызстанда тартылган “Козулар” жана “Сыйкырдуу калем” аттуу анимациялык мультфильмдер.
Бөбөктөргө арналган тасмалар 2023-жылдын аягында тартылып бүткөнүн, учурда дагы 2024-жыл үчүн дагы эки улантуучулук, таанып билүүчүлүк жана толук метраждуу анимациялык мультфильмдер жалпысынан төрт мультфильм өндүрүшчүлөргө буюртма берилгенин “Баластан” телеканалынын продюсери Бактыгүл Момбекова айтты.
Жогоруда көрсөтүлө турган мультфильмдер 16 жана 7 сериядан турат.
КР Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын колдоосу менен уюштурулган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү (2021-2024-ж) жөнүндө мыйзамдын негизинде тартылган мультсериалдар эми чындап карапайым жүргүнчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк табат деген ойдобуз.
Тил саясаты тууралуу мыйзамды ишке ашыруу максатында жасалган саамалыкты Улуттук тил комиссиясы менен мэриянын алдындагы Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти ишке ашырууда.
Мындан тышкары дагы УТРКнын “Котормо” студиясы тарабынан жылына 5-6 чет элдик мультсериалдар которулуп, “Баластан” каналы аркылуу көрсөтүлүп, балдардын тилинин кыргыз тилинде чыгуусуна чоң көмөк көрсөтөт деген ойдобуз.